Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 23-ноябры № 25-3
Арбын айылындагы айылдык коомдук өз алдынча башкаруунун уставын бекитүү жөнүндө
Арбын айылынын депутаты К.Адиевдин Арбын айылында түзүлүп жаткан айылдык коомдук өз алдынча башкаруунун уставын бекитип берүү тууралуу кайрылган маселесин угуп жана талкуулап Кеңеш айылдык округунун айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кеңеш айылдык округундагы Арбын айылында түзүлгөн айылдык коомдук өз алдынча башкаруунун уставы бекитилсин.
2. Айылдык коомдук өз алдынча башкаруунун уставынын негизинде иш алып баруу жагы айылдык башкармалыктын мүчөлөрүнө милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Ж. Маматалиевке жүктөлсүн.
Кеӊеш айылдык кеӊешинин төрагасы |
К. Кадырова |