Загрузка документа…
Т. КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 8-майы № 37-3
Т.Кулатов айылдык, округунун Кызыл-Булак айылынын тургуну Алимов Элчиге жегиликтүү бюджеттен акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
2011 жылы катуу жер титирөөдөн жабыр тарткан Т.Кулатов айылдык округунун Кызыл-Булак айылындагы «Сарыбай» участкасынын тургуну Алимов Элчиге материалдык жардам көрсөтүү үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты , вице-спикер Т.Зулпукааровтун ооз эки кайрылуусун угуп жана талкуулап Т. Кулатов айылдык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Кулатов айылдык округунун Кызыл-Булак айылындагы «Сарыбай» участкасынын тургуну Алимов Элчиге жаны турак жай куруу үчүн 2012 жылдын жергиликтүү бюджетинен 50 (элүү) миң сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2. Бөлүнгөн акча каражатын максатуу пайдаланууга, курулуш иштерин жүргүзүүнү көзөмөлдүк кылуу жагы Т.Кулатов атындагы айылдык округтун жетекчиси А.Эргешовко жана Кызыл-Булак айылынын айыл башчысы А.Закировко милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Т.Кулатов айылдык округунун башчысы А.Эргешовко тапшырылсын.
Т.Кулатов айылдык кеңешинин төрагасы |
А. Абдиллаев |