Загрузка документа…
ЫНТЫМАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012 – жылдын 2-марты №23-3
(Ынтымак айылдык Кеңешинин сессиясы Ынтымак айыл округунун кызматкерлерин 2012 - жылдын 2 жарым жылдыгына карата аткарган иштери боюнча отчетун угуп жана талкуулап)
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ынтымак айылдык Кеңешинин сессиясы Ынтымак айыл округунун төмөндөгү адистердин аткарган иштерин эске алуу менен отчеттору канаатандыраарлык деп табылсын.
-Ынтымак айыл округунун ветеринардык инспектору Т.Гульматовдун 2011 - жылдын 2 - жарым жылдыгына карата аткарган иштери:
-Ынтымак айыл округунун социалдык жактан коргоо боюнча жетектөөчү адисинин 2011 - жылдын 2 - жарым жылдыгына карата аткарган иштери;
-Ынтымак айыл округунун паспорттук жана аскердик каттоо боюнча инспекторун 2011 - жыл ичинде аткарган иштери;
-Ынтымак айыл округунуи жер маселелери жана муниципалдык менчик боюнча жетектөөчу адисинин 2011 - жылдын 2 - жарым жылдыгына карата аткарган иштери;
-Ынтымак айыл округунун аксакалдар сотунун 2011 – жыл ичинде аткарган иштери;
2. Ынтымак айыл округунун аткарган иштери боюнча отчет берген Ынтымак айыл округунун кызматкерлерине мындан ары отчет берүү боюнча материалдарын даярдоодо кеңири мазмунда жана тиешелүү маалыматтарды тиркөө менен сапаттуу отчет даярдоо жагы милдеттендирилсин.
Ынтымак айылдык Кеңешинин төрагасы |
М. Усонов |