Загрузка документа…
ЫНТЫМАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012 – жылдын 2-марты №23-4
(Ынтымак айылдык Кеңешинин сессиясы сессиянын күн тартибиндеги Ынтымак жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2011 — жылга бюджетинин аткарылуусу жана 2012 - жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндөгү маселени карап жана талкуулап чыгып)
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ынтымак жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2011- жылга бюджетинин аткарылуусу жана аткарган иштери канааттандыраарлык деп табылсын.
2. Ынтымак жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2012 жылга бюджетинин киреше бөлүгү 338700 (үч жүз отуз сегиз миң жети жүз) сомго жана чыгаша 338700 (үч жүз отуз сегиз миң жети жүз) сом бекитилсин.
3. Ынтымак жайыт пайдалануучулар бирикмесинин тарабынан берилген сунушка негиз бир баш кара малга 87 сом, бир баш музоого 87 сом, бир баш жылкыга 105 сом, бир баш кой жана эчкиге 20 сом, бир баш эшекке 105 сом төлөм киргизүү жагы бекитилсин.
4. Ынтымак айылдык Кеңешинин аймагындагы жайыт аянттарына башка райондордон жана аймактардан багуу үчүн келген малдарга жогоруда белгиленген төлөмдөр эки эселентип төлөм төлөө жагы Ынтымак жайыт бирикмесинин сунушуна негиз киргизилсин.
5. Ынтымак айылдык Кеңештин аймагындагы Ынтымак жайыт бирикмесинин пайдалунуусундагы жайыт аянтарынын максаттуу пайдалануусун бузган тараптарга жана атуулдарга мыйзам чегинде жазана салуу жагы колдонулсун жана жазанадан түшкөн каражаттарды жайыт инфраструктурасын жакшыртуу боюнча жумуштарга жумшалсын.
6. Ынтымак жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2012 жылга жайыт инфраструктурасын жакшыртуу боюнча түзүлгөн иш планы бекитилсин.
7. Жайыт аянттарын пайдаланууда Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын аткарылышын камсыз кылуу жана жайыт пайдалануучударга жайыт пайдалануу боюнча мыйзамдар жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы А. Сейдалиевке милдеттендирилсин.
8. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ынтымак айылдык Кеңешинин социалдык — экономикалык саясат жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ынтымак айылдык Кеңешинин төрагасы |
М. Усонов |