Загрузка документа…
ЫНТЫМАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012 – жылдын 19 – апрели №24/1
"Гаузан - Таза - Суу" ИСКАКБ нын 2012 - жылга киреше жана чыгаша бөлүктөрүн кароо жана бекитүү жөнүндө
Ынтымак айылдык Кеңеши сессиянын күн тартибиндеги «Гаузан -Таза – Суу» ИСКАКБ нын 2012 - жылга киреше жана чыгаша бөлүктөрүн кароо жана бекитүү жөнүндө" маселени карап жана талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Гаузан - Таза - Суу'' ИСКАКБ нын 2012 - жылга киреше жана чыгаша бөлүктөрү 1 307 517 сомго бекитилсин.
2. Ынтымак айылдык округунун кеңешинин аймагындагы "Гаузан -Таза - Суу" ИСКАКБнын таза ичимдик суусун пайдалануучуларга карата төмөндөгү тартипте тарифтер белгиленсин:
v Көчөдөгү суу түтүкчөсүнөн суу ичкендерге 1 айга 1 жанга карата - 14 сом 90 тыйын өлчөмүндө.
v Короодогу суу түтүкчөсүнөн суу ичкендерге 1 айга 1 жанга карата - 26 сом 08 тыйын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы "Гаузан - Таза - Суу" ИСКАКБ нын төрагасы А.Абдыразаковко милдеттендирилсин.
Ынтымак айылдык Кеңешинин төрагасы |
М. Усонов |