Загрузка документа…
ЫНТЫМАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012 – жылдын 21 – майы №25/1
2012 - жылдын 15 - майындагы Беш - Буркан айылынын жергиликтүү тургундарынын жалпы элдик чогулушунун протоколундагы маселени кароо жөнүндө
Ынтымак айылдык Кеңешинин сессиясы сессиянын күн тартибиндеги "2012 -жылдын 15 - майындагы Беш - Буркан айылынын жергиликтүү тургундарынын жалпы элдик чогулушунун протоколундагы маселени кароо жөнүндө" маселени карап жана талкуулап чыгып Беш- Буркан айылынын тургундарынын 2009 - жылдын 28 -августундагы Ынтымак айылдык Кеңешинин 4-чакырылышынын кезектеги 6 сессиясынын № 6/10 - токтому менен Беш - Буркан айылына ФАП курууга 0.10 га таштак жер аянтын Генералдык келечек пландап ажыратып берген жер аянты ФАП курууга ыңгайсыз жана шарты жок деген жана Беш - Буркан айылындагы балдар бакчанын күн чыгыш тарабынан ФАП куруу ыңгайлуу жана толук шарттары бар деген талаптарын эске алуу менен
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2009 - жылдын 28- августундагы Ынтымак айылдык Кеңешинин 4 чакырылышынын кезектеги 6 - сессиясынын "Ынтымак айылдык округунун жер адисинин жана Беш - Буркан ФАП нын башчысы М.Саитовдун Беш - Буркан айылдык ФАП ын жаңыдан курууга жер аянтын ажыратып берүү жөнүндөгү билдирүүсүн кароо жөнүкдө" №6/10 – токтому Беш-Бурканайылынын тургундарынын талаптарына негиз жокко чыгарылсын.
2. Беш - Буркан айылынын тургундарынын жалпы элдик чогулушунун суроо талабына негиз Беш - Буркан айылындагы балдар бакчасынын кун чыгыш тарабынан 400 мКв жер аянты Беш -- Буркан айылына ФАП куруу учун ажыратылып берилсин.
3. Беш-Буркан айылына курулуучу ФАП ка архитектуралык план долбоорун даярдап берүү жагы Ноокат райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан суралсын.
4. Курулуучу ФАП ка тиешелүү юридикалык документтерин даярдап берүү жагы Ноокат райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан суралсын.
5. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ынтымак айыл округунун жер адиси Э.Касымовко жана Беш - Буркан айылынын айыл башчысы А.Жалановко тапшырылсын.
Ынтымак айылдык Кеңешинин төрагасы |
М. Усонов |