Загрузка документа…
ЫНТЫМАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012 – жылдын 21 – майы №25-2
Ынтымак айыл Өкмөтүнүн 2002 - жылдын 30 - майындагы «Ынтымак айыл Өкмөтүнө караштуу Челекчи айылына башталгыч мектеп куруу үчүн жер аянтын ажыратып берүү жөнүндө» № 3/6 токтомун бекитип берүү жөнүндө
Ынтымак айылдык Кеңешинин сессиясы сессиянын күн тартибиндеги "2002 -жылдын 33 - майындагы «Ынтымак айыл Өкмөтүнө караштуу Челекчи айылына башталгыч мектеп куруу үчүн жер аянтын ажыратып берүү жөнүндө» № 3/6 токтомун бекитип берүү жөнүндө" маселени карап жана талкуулап чыгып Челекчи айылынын башталгыч классынын окуучулары Ынтымак айылында жайгашкан Т.Кулатов атындагы орто мектебине келип окуусу жолдун алыстыгына байланыштуу жылдын күз-кыш- жаз мезгилдеринде кыйынчылыктарды келип чыгаруусу жана алардын окуусуна шарт түзүү, ден соолугун чың болушун зеке алуу менен Челекчи айылында жайгашкан эски сарайдын ордуна башталгыч мектеп куруу иштерин жүргүзүүнү колго алуу максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ынтымак айыл Өкмөтүнүн 2002 - жылдын 33 - майындагы «Ынтымак айыл Өкмөтүнө караштуу Челекчи айылына башталгыч мектеп куруу үчүн жер аянтын ажыратып берүү жөнүндө» № 3/6 токтомун бекитилсин.
2. Челекчи айылына курулуучу башталгыч мектептин архитектуралык план долбоорун даярдап берүү жагы Ноокат райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан суралсын.
3. Курулуучу башталгыч мектептин тиешелүү юридикалык документтерин даярдап берүү жагы Ноокат райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан суралсын.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ынтымак айыл округунун жер адиси Э.Касымовко жана Ничке - Суу, Таш - Булак жана Челекчи айылдарынын айыл башчысы М.Мурзаевке тапшырылсын.
Ынтымак айылдык Кеңешинин төрагасы |
М. Усонов |