Загрузка документа…
ЫНТЫМАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012 – жылдын 05 – июлу №26/3
Борбордук стадиондун жанындагы муниципалдык жерден турмуш -тиричилик жактан тейлөө үчүн курулуш курууга жер аянтын сатуу жөнүндө
Ынтымак айылдык Кеңешинин сессиясы Борбордук стадиондун жанындагы муниципалдык жерден турмуш - тиричилик жактан тейлөө үчүн курулуш курууга жер аянтын сатуу жөнүндө маселени карап жана талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ынтымак айыл округунун 2012 - жылдын 14 –июнь «Ынтымак айыл округунун аймагындагы Кызыл - Кыя жана Беш - Буркан автожолунун боюнан айыл округунун Борбордук стадиондун жанынан турмуш - тиричилик жактан тейлөө үчүн курула турган обьектилеринин жер аянтын жергиликтүү тургундарга аукцион аркылуу сатуу жөнүндө» № 89 токтому бекитилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын мыйзам чегинде жүргүзүү жагы Ынтымак айыл округуна тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ынтымак айылдык Кеңешинин социалдык - экономикалык саясат жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ынтымак айылдык Кеңешинин төрагасы |
М. Усонов |