Загрузка документа…
ЫНТЫМАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012 – жылдын 04 – сентябры №27/1
Ынтымак айылдык Кеңешинин (4 - чакырылышы) кезексиз XXVI -сессиясынын №26\1 - токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Ынтымак айылдык Кеңеши сессиясынын күн тартибиндеги "Ынтымак айылдык Кеңешинин (4 - чакырылышы) кезексиз XXVI - сессиясынын № 26\1 - токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" маселени карап жана талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ынтымак айылдык Кеңешинин (4 - чакырылышы) кезексиз XXVI - сессиясынын №26\1 - токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин Т.Кулатов атындагы орто мектебинин жылытууу системасын капиталдык оңдоодон өткөрүү үчүн Ынтымак айылдык Кеңешинин (4 – чакырылышы) кезексиз XXVI - сессиясынын № 26\1 токтомунун Ынтымак айыл округунун 2012 - жылга карата бекитилген сметасына төмөндөгүдөй тартипте өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 704 - бөлүгүндөгү проекттер үчүн ажыратылган 200.0 (эки жүз миң) сом акча каражатынын 90.0 (токсон миң) сому Т.Кулатов атындагы орто мектебинин жылытуу системасын капиталдык оңдоого ажыратылсын;
- 70921 - бөлүгүндөгү Арык-Бою орто мектебинин спорт залына бекитилген 50.0 (элүү миң) сому Т.Кулатов атьндагы орто мектебинин жылытуу системасын капиталдык оңдоого ажыратылсын;
- 70921 - бөлүгүндөгү Т.Кулатов орто мектебинин жылытуу системасынын проектисине ажыратылган 50.0 (элүү миң) сому өз максатына ылайык пайдаланууга калтырылсын.
2. Ынтымак айыл округунун каржы экономика бөлүмүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу А.Ботобаевага жогоруда белгиленген акча каражаттын Т.Кулатов атындагыорто мектебинин жылытуу системасын капиталдык оңдооиштерин жүргүзүү үчун ажыратып берүү жагы милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жана ажыратылган акча каражатынын максаттуу пайдалануусун көзөмөлдөө жагы Ынтымак айыл округуна тапшырылсын.
Ынтымак айылдык Кеңешинин төрагасы |
М. Усонов |