Загрузка документа…
ЫНТЫМАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012 – жылдын 05 – июлу №26/4
Ынтымак айылдык Кеңешинин депутаттарынын шайлоо боюнча депутаттык мандат беруу, шайлоо округун түзүү, шайлоо участкаларын чек араларын тактоо жана шайлоо участкаларынын жайгашуучу жерин белгилөө жөнүндө
Ынтымак айылдык Кеңешинин сессиясы сессиянын күн тартибиндеги Ынтымак айылдык Кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча депутаттык мандат берүү, шайлоо округун түзүү, шайлоо участкаларын чек араларын тактоо жана шайлоо участкаларынын жайгаштыруучу жерин белгилөө жөнүндө" маселени карап жана талкуулап Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" мыйзамынын 23 - беренесине жана Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо" жөнүндөгү мыйзамынын 10-11 – беренелерине негиз
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ынтымак айылдык Кеңешинин аймагы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын пропорциялуу система боюнча шайлоону өткөрүүдө тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин бүткүл аймагы катары айылдардын калкынын санына жараша төмөндөгү тартипте шайлоо округу түзүлсүн жана пайдалануучу депутаттарынын мандаты бекитилсин:
№1 "Ынтымак" шайлоо округу калкынын саны 4525 - 11 депутаттык мандат;
№2 "Беш - Буркан" шайлоо округу калкынын саны 2241 - 6 депуттатык мандат;
№3 "Арык - Бою" шайлоо округу калкынын саны 1252 - 3 делутаттык мандат;
№ 4 "Каримберди" шайлоо округу калкылын саны 300 - 1 депуттатык мандат;
2. Шайлоо участкаларынын чек аралары жала өткөрүлүүчү ордулары төмөндөгү негизде аныкталсын:
№431 "Ынтымак"' шайлоо участкасынын чек арасы: Ынтымак, Акшар, Дон – Маала, Ничке - Суу, Таш - Булак жана Челекчи айылдары, участканын орду Т.Кулатов атындагы орто мектеби;
№432 "Беш - Буркан" шайлоо участкасынын чек арасы: Беш – Буркан айылы, участканын орду Беш - Буркан орто мектеби;
№489 "Арык - Бою"' шайлоо участкасынын чек арасы: Арык - Бою айылы, Жаңы бак жана Жанап жар бөлүмдөрү, шайлоо участканын орду Арык - Бою орто мектеби;
№490 "Каримберди" шайлоо участкасынын чек арасы: Каримберд бөлүмү, шайлоо участканын орду "Каримберди" толук эмес орто мектеби;
3. Ушул токтомду бекитип берүү жагы Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссынан суралсын.
Ынтымак айылдык Кеңешинин төрагасы |
М. Усонов |