Загрузка документа…
БУДАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 22-июну №4/4
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөн бөлүнгөн ветеринардык жабдууларды алып келүү жөнүндө.
Калктын саламаттыгын сактоо, малдарды ар кандай жугуштуу мал ыландарынан алдын алуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөн алынып келинген ветеринардык жабдууларды алып келүү үчүн Будалык айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Калктын малын ар түрдүү мал ыландарынан сактоо, убагында эмдөөлөрдү жүргүзүү үчүн КР Өкмөтүнөн бөлүнгөн ветеринардык жабдууларды алып келүү Айыл өкмөтүнүн Ветеринардык кызматкери Жаанбаевге милдеттендирилсин
2. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу тийешелүү туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Будалык айылдык кеңешинин төрагасы |
У. Асанов |