Загрузка документа…
БУДАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 22-июну №4/5
Будалык айыл Өкмөтүнө караштуу Ж.Бубаев атындагы орто мектебине эмеректерди алып келүү жана айланасын тосуу жөнүндө.
Будалык айыл Өкмөтүнө караштуу Ж.Бубаев атындагы орто мектебине эмеректерди алып келүү жана айланасын тосуу жөнүндө депутат Ч.Журтчуевтин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Будалык айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Будалык айыл Өкмөтүнө караштуу Ж.Бубаев атындагы орто мектебине эмеректерди алып келүү жана айланасын тосуу боюнча каржы министрлигинин түрткү берүүчү гранттан акча каражатын болдуруу үчүн атайын долбоор жазылып, тапшырылсын.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Ж.Бубаев атындагы мектебинин директору К.Мусабаевге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө тиешелүү туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Будалык айылдык кеңешинин төрагасы |
У. Асанов |