Загрузка документа…
БУДАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 09-октябры №5/2
Будалык айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчиктерди пайдалануусунун абалы жана аны туура пайдалануу иштерин кароо жөнүндө.
Будалык айыл өкмөтүнүн муниципилдык менчиктерди пайдалануусунун абалы жана аны туура пайдалануу иштерин кароо жөнүндө депутат Рахматов.С. билдирүүсүн угуп жана талкуулап Будалык айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Будалык айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинин реестринде турган Кара-Суу ФАПтын эски имаратынын он жагындагы үч бөлмөсү китепкана катары, сол жактагы үч бөлмөнүн 2 бөлмөсү Кара-Суу почта байланыш бөлүмүнө (убактылуу берилген) 1 бөлмөсү дүкөн катары пайдаланып жаткандыгы белгиленсин.
2. Будалык айыл өкмөтүнүн реестринде турган Кум-Шоро мектебинин жарымы Кум-Шоро ФП, жарымы аксакалдар үчүн намазкана катары пайдаланылып жаткандыгы белгиленсин.
3. Будалык айыл өкмөтүнүн реестринде турган " Кара-Суу" мончосунун азыркы мезгилде 2 бөлмөсү дүкөн, (Исмаилов Халил) 2 бөлмөсү айыл өкмөтүнүн кампасы катары пайдаланып жаткандыгы белгиленсин.
4. Дүкөн катары пайдаланылган бөлмөлөрдөн аренда акы төлөнүп, андан түшкөн каражат жергиликтүү бюджеттин счётуна түшүрүлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн КЭБ башчысы Кудайбердиевге милдеттендирилсин.
Будалык айылдык кеңешинин төрагасы |
У. Асанов |