Загрузка документа…
БУДАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 22-декабры №6/2
Будалык айыл өкмөтүндөгү кайра бөлүштүрүү фодусундагы жерлерди бөлүштүрүү жана арендага берүү иштерин кароо жөнүндө
Будалык айыл өкмөтүнүн жер адиси К. Мурзакуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Будалык айылдык кеңеши.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Будалык айыл өкмөтүндөгү кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлерин арендага берүү мыйзам чегинде жүргүзүлүп жаткандыгы белгиленсин.
2. Арендан акыны төгүүдө айрым жарандар жыл аягына чейин токпой, убарачылыктарды жаратып жаткандыгы белгиленип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн жер адиси К. Мурзакуловго милдеттендирилсин.
Будалык айылдык кеңешинин төрагасы |
У. Асанов |