Загрузка документа…
БУДАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 22-декабры №6/3
Будалык айылдык Кеңешинин 09.10.2012-жылдагы № 5/3 токтому жөнүндө.
Будалык айыл өкмөтүнүн эл тарабынан сатылып алынган трактордун абалы каралбай; жер айдоочу сокосун бүгүнкү күнгө чейин издебей жаткандыктан Будалык айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Будалык айыл өкмөтүнүн эл тарабынан сатылып алынган трактордун абалы каралбай, жоголуп кеткен жер айдоочу сокосу бүгүнкү күнгө чейин изделбей жаткандыктан атайын депутаттык комиссия түзүлсүн.(тиркелет)
2. Трактор боюнча тиешелүү адамдар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, жер айдаган сокуну таптырып, тракторду калыбына келтирүү боюнча иш чараларды жүргүзүү атайын түзүлгөн комиссияга милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Будалык айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Будалык айылдык кеңешинин төрагасы |
У. Асанов |