Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 25-апрели №ХХ-1
Кыргыз-Ата айылдык округунун 2010-2011 -жылдардагы бюджетинин аткарылышы, 2012-жылга бюджетин жана 2013-2014-жылдарга болжолдуу бюджетин бекитүү жөнүндө
Кыргыз-Ата айылдык округунун 2010-2011-жылдардагы бюджетинин аткарылышы жана 2012-жылга Кыргыз-Ата айылдык округунун бюджета иштелип чыгып, айылдык Кеңештин депутат гарынын бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөлөрүнүн заседаниесинде айтылган пикирлеринин жана айылдык кеңештин депутаттарынын талкуусун угуп Кыргыз-Ата айылдык округдук Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз-Ата айылдык округунун 2010-жылдагы киреше бөлүгү плана боюнча 2703,09 миң сомго, киреше бөлүгү аткарылгандыгы 27191,7 миң сомго же 100,5 % га, чыгаша бөлүгү план боюнча 27439,9 миң сомго, аткарылгандыгы 27183,9 мин сомго же 99,1%, 2011-жылга киреше бөлүгү план боюнча 39697,9 миң сомго, аткарылгандыгы 39415,8 миң сомго же 99,3 % га, чыгаша бөлүгү план боюнча 39953,3 миң сомго, аткарылгандыгы 39088,3 миң сомго же 97,8 %га бекитилсин.
2. Кыргыз-Ата жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органынын финансы-экономикалык негиздерин чыңдоо үчүн максаттуу жана толуктоочу гранттарга каралган суммаларды кошуп зсептелгенде 2012-жылга жалпы киреше 47177,5 миң сомго, чыгаша бөлүгү 47177,5 миң сомго анын ичинен жергиликтүү бюджетинин кирешеси 3327,5 миң сомго, чыгашасы 3327,5 миң сомго бекитилсин.(№ 1,2-тиркеме тиркелет).
3. Кыргыз-Ата айылдык округунун 2013-жылга болжолдуу кирешеси 47296,2 миң сомго, 2014-жылга кирешеси 47449,3 миң сомго бекитилсин.
4. Жогорудагы токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык округдук Кеңештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кыргыз-Ата айылдык округунун кеңешинин төрагасы |
А. Таиров |