Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 25-апрели №ХХ-2
Кыргыз-Ата айылдык округунда 2011-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүү программа-сынын, 2012-жылга социалдык-экономикалык программасын, 2013-2016-жылдарга социалдык-экономикалык болжолдуу программасын бекитүү жөнүндө
Кыргыз-Ата айылдык округунда 2011-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын аткарылышын, 2012-жылга социалдык-экономикалык өнүгүү программасын жана 2013-2016-жылдарга социалдык-экономиикалык болжолдуу программасын угуп жана талкуулап, кошумчалар менен Кыргыз-Ата айылдык округдук Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз-Ата айылдык округунда 2011-жылдагы социалдык- экономикалык өнүгүү программасын аткарылышы, 2012-жылга социалдык-экономикалык өнүгүү программасы жана 2013-2016- жылдарга айылдык округдун социалдык-экономикалык болжолдуу программасы өзгөртүү жана толуктоолор менен бекитилсин.(2011-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын аткарылышы, 2012-жылга социалдык-экономикалык өнүгүүнүн программасы жана 2013-2016-жылдарга болжолдуу программалары тиркелет)
2. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Кыргыз-Ата айылдык округуна милдеттендирилсин.
Кыргыз-Ата айылдык округунун кеңешинин төрагасы |
А. Таиров |