Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 25-апрели №ХХ-3
(Кыргыз-Ата айылдык округундагы чарбалык субьектилердин жазгы талаа жумуштарына карата даярдыктары жана айылдык округдун аймагындагы айылдарда көрктөндүрүү, санитардык абалын жакшыртууда аткарылып жаткан иштери жөнүндө)
Кыргыз-Ата айылдык округундагы чарбалык субьектилердин жазгы талаа жумуштарына карата даярдыктары жана айылдык округдун аймагындагы айылдарда көрктөндүрүү, санитардык абалын жакшыртууда аткарылып жаткан иштери жөнүндө
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз-Ата айылдык округундагы чарбалык субьектилердин жазгы талаа жумуштарына карата даярдыктары жана айылдарда көрктөндүрүү, санитардык абалын жакшыртуудагы аткарылып жаткан иштер белгиленсин.
2. Ички сугат тармактарын оңдоо иштерин, өз убагында дыйкандар менен биргеликте аткаруунун үстүндө иштерди жүргүзүү СПАнын жетекчилигине милдеттендирилсин.
3. Кыргыз-Ата айылдык округунун калктуу конуштарынын айлана чөйрөсүнүн абалын жакшыртуу, көрктөндүрүү, жашылданыруу жана бак-дарактарды отургузуу боюнча 2012-жылдын З-майына чейин үч апталык жүргүзүлө тургандыгы калк арасында түшүндүрүлсүн.
4. Айыл башчылар, мектеп директорлору, оорукана, ҮБДТ, ФАП, клуб, китепкана, балдар бакчьшарынын башчылары:
v айылдарды, айлана чөйрөнү көрктөндүрүүгө жана жашылдандырууга карата иш-чараларды өткөрүүнү уюштурушсун;
v айлана-чөйрөнүн абалын жакшыртуу максатында жол боюндагы үйлөрдүн айланасын тазалоо, арыктарды чабуу, тосмолорду оңдоо үчүн ишенбиликтерди өткөрүүнү уюштурушсун;
v борбордук кочолордүн тротуарларын тартинке келтирүү, жолдогу төгүлгөн таштандыларды, көңдөрдү алдырууну уюштурушсун;
v айылдардагы менчик кичи ишканалардын айланасын тартипке келтирилсин жана актоо, сырдоо иштери жүргүзүлсүн;
5. Токтомдун.аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештеги экономика, бюджет жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кыргыз-Ата айылдык округунун кеңешинин төрагасы |
А. Таиров |