Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 25-апрели №ХХ-5
Айылдык округдагы калкка медициналык кызмат көрсөтүүдөгү абалы боюнча № 10, 23 ҮБДТ торунун аткарган иштери жөнүндө
Кыргыз-Ата айылдык округунун аймагында жайгашкан № 10, 23 үй-бүлөлүк дарыгерлер топторунун калктын ден-соолугун чыңдоо, санитардык иштерди жакшыртууда аткарып жаткандьны боюнча башкы дарыгерлер А.Маматовдун жана К.Чөнөеванын отчетторун угуп жана талкуулап
Кыргыз-Ата айылдык округдук Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз-Ата айылдык округунун аймагындагы калкты медициналык жактан тейлөөдө № 10, 23 дарыгерлер топторунун жүргүзүп жаткан иштери белгиленсин.
2. № 10,23 ҮБДТорунун башчылары А.Маматовго, К.Чөнөевага жана ФАПтын башчыларына :
§ Айылдык калкын медициналык жактан ар тараптуу тейлөөнү жакшыртуу;
§ Калк арасында ар кандай жугуштуу оорулардын алдын алуу, санитардык гигиеналык түшүндүрүү иштерин уюштуруу;
§ Ар бир медициналык кызматкерлердин өз микроучасткалары боюнча айыл арасында тазалык, көрктөндүрүү, жашылдандыруу, активдештирүү боюнча үзгүлтүксүз иш алып баруу;
3. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык округдук Кеңештин элге билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт жана жаштар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кыргыз-Ата айылдык округунун кеңешинин төрагасы |
А. Таиров |