Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 25-апрели №ХХ-6
Депутаттардын Ноокат райондук Кеңешини (төртүнчү чакырылышынын) 2012-жылдын 29-мартындагы 22-сессиясында «Ноокат paйонундагы улуттук каада-салттарды, үрп-адаттарды, ырым-жырымдарды жана майрамдык салтанаттарды тартипке келтирүү жөнүндөгү жобону Кыргыз-Ата айылдык округунда аткаруу жөнүндө
Депутаттардын Ноокат райондук Кеңешинин (төртүнчү чакырылышынын 2012-жылдын 29-мартындагы 22-сессиясында «Ноокат районунда улуттук каада-салттарды, үрп-адаттарды, ырым-жырымдарды жана майрамдык салтанаттарды тартипке келтирүү жөнүндөгү жобону Кыргыз-Ата айылдык округунда аткаруу жөнүндө угуп жана талкуулап. Кыргыз-Ата айылдык округдук Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Депутаттардын Ноокат райондук Кеңешинин (төртүнчү чакырылышынын) 2012-жылдын 29-мартындагы 22-сессиясында «Ноокат районунда.улуттук каада-салттарды, үрп-адаттарды, ырым-жырымдарды жана майрамдык-салтанаттарды тартипке келтирүү жөнүндөгү жобосу Кыргыз-Ата айылдык округунда жетекчиликке жана аткарууга алынсын.
2. Ысырапкерчиликти кыскартуу, каада-салттарады жөнгө салуу боюнча кабыл алынган жобонун аткарылышын көзөмөлдөө максатында ар бир айылда аймактык коомдук өз алдынча башкаруунун (ТОСтун) мүчөлөрү менен биргеликте комиссия түзүү айылдардагы айыл башчыларга (Н.Максытов, Э.Арынов, Т.Садиров, К.Бодоев, О.Матиев) милдеттендирилсин.
3. Ысырапкерчиликти кыскартуу, ырым-жырымдарды, каада-салттарды тартипке келтирүү, кабыл алынган жобону калктын калың катмарына, жеткирүү максатында менчигинин түрүнө карабастан айылдык округдагы аксакалдар, аялдар, жаштар кеңештери жана № 10,23 ҮБДТунда айылдарда-атайын жыйындар өткөрүлүп, элдин калың катмарына жеткирүү айыл башчыларына №.10,23 ҮБДТ жетекчилерине тапшырылсын.
4. Айылдык округдун аймагында өткөрүлүүчү мааракелерди кабыл алынган жобого ылайык өткөрүлүшүн көзөмөлдөө айылдарда түзүлгөн комиссияларга айылдардагы аймактык коомдук өз алдынча башкарууларынын мүчөлөрүнө жамааттардын жетекчилерине жана Аксакалдар сотунун мүчөлөрүнө жүктөлсүн.
5. Кабыл алынган жобо боюнча калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жободо кабыл алынган эрежелердин (айрыкча нике тойлоруңда, маркумду узатуудагы иш-чараларды аткарууда ж.б.) так сакталышын катуу талап коюу айылдардагы мечиттердин имамдарына тапшырылсын.
6. Айылдык округдагы мектептердин жана № 54-кесиптик лицейдин директорлоруна, балдар бакчаларынын башчыларына:
o - мугалимдер, тарбиячылар менен бирге бул багытта туура түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;
o -окуучулар арасында дил баяндарды жаздыруу, жогорку класстардын окуучуларына атайын тарбиялык сааттарды өткөрүү;
o -ыксыз, ашыкча чыгым кетүүчү иш-чараларды (алиппе майрамын, бүтүрүү кечелерин, туулган күндөрдү ж.б.у.с.) кыскартуу талап кылынсын.
7. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жана көзөмөлдоө Кыргыз-Ата айылдык округунун башчысы А.Маликовго, айылдык Кеңештин депутаттарына тапшырылсын.
Кыргыз-Ата айылдык округунун кеңешинин төрагасы |
А. Таиров |