Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 25-апрели №ХХ-8
Кыргыз-Ата айылдык округунун 2011 -жылдагы бюджетинен жана атайын эсебинен калган акча каражатын 2012-жылда пайдалануу жөнүндө
Кыргыз-Ата айылдык округдук Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз-Ата айылдык округунун 2011 -жылдагы бюджетинен калган 557,8 миң сом акча каражаты: 701-бөлүмдүн резервдик фондуна -20,0 миң сом. 704-айыл чарба бөлүмүнө -35.0 миң сом, 708-маданият бөлүмүнүн түрдүү чыгымына -20,0 миң сом, 709-бөлүм балдар бакчаларынын ремонт иштерине -185,0 миң сом, мектептердин оңдоо иштерине -297.8 миң сом жумшалсын.
2. Кыргыз-Ата айылдык округунун атайын эсебиндеги калдык 25,0 миң сом акча каражаты. 709-бөлүм балдар бакчаларынын тамак - ашына жумшалсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык округдук Кеңешинин экономика, бюджет агрардык маселелер, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Кыргыз-Ата айылдык округунун кеңешинин төрагасы |
А. Таиров |