Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 08-июлу №ХХII-2
Кыргыз-Ата айылдык округунун аймагындагы Көтөрмө-Кара-Кой жолунунун мектеп, бала бакчалар жайгашкан жерлерине жана жолдун кооптуу участокторуна жол коопсуздугун сактоо максатында барьер куруу, ылдамдыкты чектөөчү, эскертүүчү жол эрежелерин коюу жөнүндө
Кыргыз-Ата айылдык округунун аймагында Борко-Көтөрмө жолуна 1640м асфальт төшөлдү. Ал эми Көтөрмө-Кара-Кой жолуна 3000м асфальт төшөлүүдө. Жолдор оңдолуп, алардын абалы мурункудан бир топ эле жакшырып калгандыгына байланыштуу айылдык округундагы транспорт ээлери жана Кара-Кой зоонасына эс алууга бара жаткан унаалар катуу ылдамдыкта жүрүшүп, ошол көчөлөрдүн жашоочуларына, мектеп окуучуларына, жалпы эле жолдо жүрүүчү адамдарга коркунуч туудуруда.
Ошондуктан жол коопсуздугун сактоо максатында мектептер, бала бакчалар жайгашкан жерлерге жана жолдун кооптуу участокторуна барьер куруп, ылдамдыкты чектөөчү жана эскертүүчү жол белгилерин коюу жөнүндө
Кыргыз-Ата айылдык округдук Кеңеши угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз-Ата айылдык округунун аймагындагы Көтөрмө-Кара-Кой жолунун мектеп, бала бакчалар жайгашкан жерлерине жана жолдун кооптуу участокторуна жол коопсуздугун сактоо максатында барьер куруу, ылдамдыкты чектөөчү, эскертүүчү жол эрежелери коюулсун.
2. Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнөн ылдамдыкты чектөөчү жана эскертүүчү жол белгилерин коюууга уруксат суралсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык округдук кеңештин элге билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт жана жаштар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кыргыз-Ата айылдык округунун кеңешинин төрагасы |
А. Таиров |