Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 17-августу №ХХIII-1
Кыргыз-Ата айылдык Округунун аймагындагы жеке менчик Ветеринардык, сервистерди колдоо жөнүндө
Кыргыз-Ата айылдык Округунун аймагындагы жеке менчик ветеринардык сервистерди Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана Мелиорация Министрлиги тарабынан колдоо көрсөтүп, 2012-жылдын 23-июлундагы №205-буйруктун негизинде гранттык каражаттарды жеке менчик ветеринардык адистерге бөлүштүрүү жөнүндө айылдык Кеңештин депутаттары сессияда талкуулап, төмөндөгү ветеринардык сервистерге берүү жөнүндө
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз-Ата айыл округунун аймагындагы жеке менчик ветеринардык сервистердин башчыларына Абидинов Ысамидинге («Ысамидин» вет. сервиси), Турдуев Талипжанга («Акбулак» вет сервиси), айыл чарба жана милиорация министрлиги тарабынан берилген гранттык каражаттар бөлүнүп берилсин.
2. Кыргыз-Ата айыл округунун аймагындагы ветеринардык жеке менчик вет сервистер жайыт комитеттери менен биргеликте бири-бирине көмөктөшүп, иш алып барышсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарба жана жер боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Кыргыз-Ата айылдык округунун Жооптуу катчысы |
Ж. Нурматов |
Депутаттардын Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин төрагасы |
А. Таиров |
Кыргыз-Ата айылдык округунун Жайыт комитинин төрагасы |
К. Самиев |