Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 27-сентябры №ХХIV-1
Кыргыз-Ата айылдык округунун аймагындагы мектептердин, балдар бакчаларынын 2012-2013-окуу жылына жана социалдык обьектилердин кыш мезгилине карата даярдыгы жөнүндө
Кыргыз-Ата айылдык округдук Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз-Ата айылдык округунун аймагындагы мектептердин, балдар бакчалардын 2012-2013-окуу жылына жана социалдык обьектилердин кышка карата даярдыгы, материалдык-техникалык базасын жакшыртуу максатында жүргүзүлүп жаткан иштери белгиленсин.
2. Мектептердеги окуу тарбиялык иштердин сапатын жакшыртуу, ата-энелер комитеттеринин иштерин активдештирүү, үй-бүлө жана мектептин ортосундагы байланышты күчөтүү, предметтер боюнча тереңдетип окутуу, ар бир окуучуну китептер менен толук камсыз кылууга жетишүү, мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу мектеп директорлоруна милдеттендирилсин.
3. Айылдык округундагы социалдык обьектилердин 2012-2013-жылындагы кыш мезгилине карата даярдоо, электромонтаж бөлүктөрүн толук текшерип чыгуу, эскирген электр бөлүкчөлөрүн жаңылоо айылдык округунун электриги М. Ураимовго жана клуб башчыларына милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз-Ата айылдык округдук Кеңешинин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кыргыз-Ата айылдык округунун кеңешинин төрагасы |
А. Таиров |