Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 27-сентябры №XXIV-3
Кыргыз-Ата айылдык округундагы атуулдардан келип түшкөн турак-жай куруу үчүн жер участогун берүү боюнча арыздарды кароо жөнүндө
Кыргыз-Ата айылдык округунда турак-жай куруу үчүн жер участогун алуу боюнча 2006-жылдан бери 850 атуул арыз менен кайрылган. Турак-жай куруу үчүн жер участогун берүү боюнча билдирүүнү угуп жана талкуулап
Кыргыз-Ата айылдык округдук Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз-Ата айылдык округунда турак-жай куруу үчүн жер участокторун трасформациялоо жогорку органдардан суралсын.
2. Трасформациялоо боюнча тиешелүү документтерди даярдоо, жерге арыз берген атуулдардын тизмесин тактоо жана анны жогорку органдарга жөнөтүү Кыргыз-Ата айылдык округунун башчысынын орун басары М. Асановго тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз-Ата айылдык округдук Кеңешинин экономика, бюджет, агрардык маселелер, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кыргыз-Ата айылдык округунун кеңешинин төрагасы |
А. Таиров |