Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 27-сентябры №XXIV-4
Айылдык округунун бюджетинин өздүк эсебинен Ош шаарындагы «Айыл чарба» институтунун ветеринардык факультетине бир бүтүрүүчүнү жөнөтүү жөнүндө
Кыргыз-Ата айылдык округдук Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын 2012-жылдын 19-июлундагы № 1-10/753 катын жетекчиликке алып айылдык округунун бюджетинин өздүк эсебинен Ош шаарындагы «Айыл чарба» институтунун ветеринардык факультетине айылдык округунун тургундарынан бир бүтүрүүчү жөнөтүлсүн.
2. Айыл чарба институту менен айылдык округунун ортосунда келишим түзүү жана акча каражатын табуу айылдык округунун ФЭБ башчысы Б. Аматовага милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз-Ата айылдык округдук Кеңешинин экономика, бюджет, агрардык маселелер, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына тапшырьшсын.
Кыргыз-Ата айылдык округунун кеңешинин төрагасы |
А. Таиров |