Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 27-сентябры №XXIV-6
Кыргыз-Ата айылдык округунун аймагындага айыл чарбасына арналбаган жер салыгынын зоналдык коэфициенти (K2), мулк салыгынын зоналдык коэфициенти (К2), таштандыларды ташуудан алынуучу жыйымдын өлчөмү жөнүндө
Кыргыз-Ата айылдык округдук Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын салык кодексинин 327,339 жана Кыргыз Республикасынын салык эмес төлөмдөр жөнүндөгү мыйзамынын 12-1 жана 12-2 беренелерине негиз, Кыргыз-Ата айылдык округунун аймагында айыл чарбасына арналбаган жер салыгынын зоналдык коэфициенти К2=1, мулк салыгынын зоналдык коэфициенти К2=1 жана таштандыларды ташуудан алынуучу жыйымдын өлчөмү 50-сом деп белгиленсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз-Ата айылдык округдук кеңешинин экономика, бюджет, агрардык маселелер, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кыргыз-Ата айылдык округунун кеңешинин төрагасы |
А. Таиров |