Н. ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Н. Исанов атындагы айыл округунун Кеңешинин V-чакырылышынын VI-заседаниеси
2012-жылдын 19-январы №VI-II
«Чынкараев атындагы орто мектебинин жери жөнүндө»
Н.Исанов атындагы айыл округунун кеңешинин аймагына караштуу Тескей Кожеке айылында жайгашкан А.Чынкараев атындагы эс алуу жайына караштуу ошол жердеги А.Чынкараев атындагы орто менктеби пайдаланым келе жаткан 2,12 жерди мектептин карамына өткөрүп берүү жөнүндө Н.Исанов атындагы айыл кеңеши төмөнкүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Н.Исанов атындагы айыл округунун кеңешинин аймагына караштуу Тескей Кожеке айылында жайгашкан А.Чынкараев атындагы эс алуу жайына караштуу ошол жердеги А.Чынкараев атындагы орто менктеби пайдаланым келе жаткан 2,12 жерди мектептин карамына өткөрүлүп берилсин.
2. А.Чынкараев атындагы эски мектепке пайдаланып келе жаткан жер аянтын мыйзамдаштырып керектүү болгон иш кагаздарын бүтүрүп берүү жагын Ноокат райондук курулуш башкармалыгынан жана мамлекеттик каттоо бөлүмүнүн башкармалыгынан суралсын.
3. А.Чынкараев атындагы эс алуу жайына караштуу жерди мыйзамдуулук менен А.Чынкараев атындагы орто мектептин карамагына өткөрүп берип көзөмөлдөп иш алып баруу жагын айыл округунун жер жана коммуналдык иштер боюнча башкы адис А.Эсеналиевге тапшырылсын.
Н. Исанов айылдык кеңештин төрагасы |
Н. Асанов |