Загрузка документа…
Н. ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 11-февралы №VII-II
«Ашыкча ысырапкерчиликти токтотуу жөнүндө»
Н.Исанов атындагы айыл округунун аймагында жайгашкан айыл тургундарынын айылдагы, мектептердеги өтүп жаткан алиппе майрамы, акыркы коңгуроо, 10 жылдык жана 25 жылдык маарекелерге жана өлүм болгон жерлерде көп ысырапкерчилик болуп жаткандыгын эске алып, ысырапкерчиликти кыскартуу максатында Кунгой Кожоке айылындагы иштелип чыккан жоболорго алымча кошумчалары менен бекитүү боюнча төмөнкүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Н.Исанов атындагы айыл кеңешинин аймагындагы болуп жаткан иштелип чыккан жоболор жана маарекелер өлүм болгон жерлерде көп ысырапкерчиликке жол бербөөжөнүндө көрсөтүлгөн жоболор бекитилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөп иш алып баруу жагын айыл кеңешинин айылдагы шайланган депутаттарына, айыл башчыларга, мечит имамдарына, мектеп директорлоруна, аксакалдар сотуна, аксалкалдар курамына жан айылдык аялдар кеңешинин курамына жөнөтүлсүн.
Н. Исанов айылдык кеңештин төрагасы |
Н. Асанов |