Загрузка документа…
Н. ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 11-февралы №VII-III
«Сырттан келген жандыктарды, малдарды ооруларын алдын алуу жөнүндө жана жайыт комитетинин иштелип чыккан бюджеттин негизинде мал башына көрсөтүлгөндөй жайыт акы жөнүндө»
Н.Исанов атындагы айыл округунун кеңешинин аймагындагы жайгашкан мал жайыттарга сырттан келген малдардын, мал дарыгерлик посттордон ооруларын текшерип эмдөөдөн өткөрүлгөнүн аныктап таза малдар болсо айыл округунун аймагындагы жана Араван районунун жайыттарына макулдук берүү жан ошондой эле жайыт комитетинде иштелип чыккан бюджеттин негизинде мал башына көрсөтүлгөн жайыттын акы бекитүү жөнүндө Н.Исанов атындагы айыл округунун кеңеши төмөнкүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Н.Исанов атындаг айыл округунун аймагындагы жана Араван районуна караштуу Кошчан дарыясынын баш жагындагы мал жайыттарга малдарыгерлик посттордон эмдөөдөн өткөрүлгөндүгүн аныкталган маалыматтар боюнча таза малдарды жайытка чыгарууга макулдук берилсин.
2. Н.Исанов атындагы айыл округунун жайыт комитетинде иштелип чыккан бюджеттин негизинде мал башына көрсөтүлгөн жайыттын акысы бекитилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөп иш алып баруу жагын айыл округунун кеңешинин айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссиясына, жайыт комитетине жана айыл округунун башкы мал дарыгери Маткалыков Усөнгө жүктөлсүн.
Н. Исанов айылдык кеңештин төрагасы |
Н. Асанов |