Загрузка документа…
Н. ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 23-апрели №9-1
"Н.Исанов атындагы айыл округунун2012-жылга бюджетин бекитип берүү жөнүндө"
Н.Исанов атындагы айыл округунун 2012-жылдын бюджетин бекитип берилишинин маалыматтар үчүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүн талкуулап айыл кеңешинин туруктуулук комиссиясынын заседаниесинде каралгандыгынын негизинде Н.Исанов атындагы айыл кеңеши төмөнкүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Н.Исанов атындагы айыл округунун 2010-жылдагы бюджетинин киреше бөлүгү 16598000 миң сомго бекитилип, ал эми чыгышасы 24032200 мин сомго бекитилип аткарылгандыгы мыйзамдуу деп бекитилсин.
2.Н.Исанов атындагы айыл округунун 2011-жылдагы бюджетинин киреше бөлүгү 16989000 сом, чыгаша бөлүгү 35094000 сом бөлүп бекитилгени жана аткарылгандыгы мыйзамдуу.
3. Н.Исанов атындагы айыл округунун 2012-жылга бюджетинин киреше бөлүгү 42830300 сом болуп такталып, ал эми чыгаша бөлүгү 42830300 сомду түзүп,ошол акча толугу менен бекитилсин.
4. Н.Исанов атындагы айыл округунун 2012-жылга өнүгүү планы бекитилсин.
5. 2013-2014 жылдарга Н.Исанов атындагы айыл округунун болжолдуу өнүгүү пландарынын тыыра деп белгиленсин.
6. Н.Исанов атындагы айыл округунун 2011-жылдан кошумча түшкөн акча каражатына2012-жылдын 1-январынан калган 372958 сом калдык акчаны айыл кеңешинин депутаттарынын кароосуна бекитилген. Ушул бекитилген калдык акчаны көзөмөлдөп иштетүү жагын айыл округунун ФЭБнун башчысы М.Ботобаевге милдеттендирилсин.
7. Н.Исанов атындагы айыл округунун бюджетин ар бир 6 айда жана жылдыкты текшерип туруу жагын айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Н. Исанов айылдык кеңештин төрагасы |
Н. Асанов |