Загрузка документа…
Н. ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 04-августу №11-10
"Айыл округунун аймагындагы дүкөндөрдүн иштөө тартиби жөнүндө"
Н. Исанов атындагы айыл округунун аймагында жайгашкан аны айылдардагы, дүкөндөрдүн иштөө тартиби жөнүндө көпчүлүк элдин суроо талаптары айылдын келе жаткандарын эске алып Н.Исанов атындагы айыл округунун кеңешинин депутаттары төмөнкүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Н. Исанов атындагы айыл округунун аймагында жайгашкан дүкөндөрдү төмөнкүдөй иштөө тартиби бекитилсин.
2. Дүкөндөрдүн иштөө тартиби жай мезгилинде эрте менен саат 8:00 дөн 20:30 га чейин, кыш мезгилинде саат 9:00 дөн кечки саат 18:00 гө чейин иштөө убактысы чектелсин.
3. Спирт ичимдигин сатууга макулдугу бар кагазы болсо каттоодон өткөрүү жөнүндө уруксаты бар дүкөндөргө жогорудагы көрсөтүлгөн мөөнөткө чейин сатуу белгиленсин. Ал эми спирт ичимдигине мамлекет тарабынан (лицензия) уруксааат жок кагаз болсо анда спирт ичимдигин сатууга тыюу салынат.
4. Жогорудагы көрсөтүлгөн иштөө убактысын бузган дүкөн ээлерине 1 жолу 1000 сом, экинчи жолу 3000 миң сом айып салынсын, ал эми үчүнчү жолу иштөө убактысын бузган дүкөндөрдүн ишин аксакалдар сотуна өткөрүп берүү жагы каралсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөп иш алып бару жагын айыл башчыларга, участкалык инспекторлорго жана айылдык Кеңештин депутаттарына жүктөтсүн.
Н. Исанов айылдык кеңештин төрагасы |
Н. Асанов |