Загрузка документа…
Н. ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 04-августу №11-2
«Мектептердин жаңы окуу жылына карата даярдык көрүү жөнүндө»
Н. Исанов атындагы айыл округуна караштуу мектептерди жаңы окуу жылына карата айыл округунун кеңешинин социалдык маданий билим берүү, спорт, туризм, жаштар жана саламаттыкты сактоо боюнча депутаттардын туруктуу комиссиясы айыл округунун аймагындагы жайгашкан 7 орто мектептерди текшерүү учурунда жаңы окуу жылына карата даярдыктарды төмөнкүдөй болуп белгиленди
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Н.Исанов атындагы айыл округунун аймагындагы жайгашкан мектептердин ремонт иштери толук бүтпөгөндүгү белгиленсин.
2. Мектептин жаңы окуу жылына карата ремонт иштери 20-августка чейин бүтүрүүжагына мөөнөт берилсин.
3. Н.Исанов атындагы айыл округунун аймагындагы жайгашкан айылдардагы мектеп директорлору айыл Кеңешинин заседаниесине келип катышуусу эске алынсын.
4. Айыл Кеңешинин социалдык билим берүү, спорт, миграция, туризм, жаштар жана саласаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиясына кайрадан мектептердинжаңы окуу жылына карата ремонт иштерин көрүп чыгуу жагын 2012- жылдын 23-августуна чейин белгиленсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөп иш алып баруу жагын туруктуу комиссиясынын төрагасы Осмонов Арипжанга тапшырылсын.
Н. Исанов айылдык кеңештин төрагасы |
Н. Асанов |