Загрузка документа…
Н. ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 29-сентябры №12-1
«Кичик-Алай айылынан көмүр кенин казып алуу жөнүндө»
Н.Исанов атындагы айылдык округуна караштуу Кичик-Алай айылынан УСМ «Водстрой» аукционердик коому азыркы мезгилде көмүр кенин убактылуу казып алуу иштерин жүргүзүп жатышат, ал эми иштеп жаткан жумушчуларга жатакана, ашкана жоктугуна байланыштуу Н.Исанов атындагы айылдык Кенешинин депутаттары 1260 м2 (бир мин эки жуз алтымыш) жер аянтына убактылуу чечим чыгарып берүү жөнүндө сураныч кат жөнөтүшкөн. Ошол сураныч катты карап чыгып, канааттандыруу максатында Н.Исанов атындагы айыл округунун айылдык Кенеши төмөнкүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Н.Исанов атындагы айылдык округунун Кичик-Алай айылындагы көмүр кенин убактылуу казып алуу иштерин жүргүзүү үчүн иштеп жаткан УСМ «Водстрой» АКнын жумушчуларына жатакана жана ашкана куруу үчүн 1260 (бир миң эки жуз алтымыш) м2 жер аянтына макулдук берилсин.
2. Жумушчуларга убактылуу жатакана жана ашкана куруу үчүн берилген 1260 (бир миң эки жуз алтымыш) м2 жерге мыйзамдуулугуна карап АПЗсын даярдап берүү жагы Ноокат Райондук Архитектура курулуш башкармасынан суралсын.
3. Айылдык Кеңештин туруктуу комиссиясы, айыл округунун башчысы жана жайыт пайдалануучу комитетинин башчысы УЦМ «Водстройго» биргелешип тез аранын ичинде келишим түзүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөп, иш алып баруу жагы транспорт, курулуш, өнөр жай, кайра иштетүү, энергетика, айыл чарбасы, жерге жайгаштыруу жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Н. Исанов айылдык кеңештин төрагасы |
Н. Асанов |