Загрузка документа…
Н. ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 29-сентябры №12-2
«Жаңы окуу жылы жөнүндө»
Н. Исанов атындагы айылдык округунун аймагында жайгашкан 7 орто, 1 башталгыч мектептер бар. Алар 2012-окуу жылына карата ремонт иштерип жакшы бүтүрүп, билим деңгээлин жогорулатуу үчүн ар бир мугалимге тийиштүү сааттарын бөлүштүрүп, окуучулардын катышуусун карай, күндөлүк, дептерлерин текшерүү учурунда Н.Исанов атындагы айыл округунун айылдык Кеңешинин депутаттары төмөнкүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Н.Исанов атындагы айылдык округунун аймагындагы айылдарда жайгашкан мектептердин жаңы окуу жылына карата ремонт иштерин сапаттуу бүтүргөндүгүн жана жаңы окуу жылына карата ар бир мугалимге тиешелүү сабактарын туура бөлүштүрүп, окуучулардын сабакка катышууларына жакшы көңүл буруп иш алып баруу жагы канааттандыраарлык деп белгиленсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөп, иш алып баруу жагы социалдык, маданият, билим берүү, спорт, миграция, туризм, жаштар жана саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Н. Исанов айылдык кеңештин төрагасы |
Н. Асанов |