Загрузка документа…
Н. ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 29-сентябры №12-4
«К.Жолдошов атындагы орто мектептин спорт залы жөнүндө»
Н. Исанов атындагы айылдык округуна караштуу Жар-Коргон айылында жайгашкан К.Жолдошов атындагы орто мектебинин жаңы окуу жылына карата бүткөрүлгөн спорт залга Сүйүн Атабаевдин атын ыйгаруу үчүн мектептин жамаатынын чогулушунун протоколунун негизинде Н.Исанов атындагы айыл округунун айылдык Кеңеши төмөнкүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Н.Исанов атындагы айылдык округуна караштуу Жар-Коргон айылында жайгашкан К.Жолдошов атындагы орто мектебинин жаңы окуу жылына карата бүткөрүлгөн спорт залга Сүйүн Атабаевдин аты ыйгарылып берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөп, иш алып баруу жагы социалдык, маданият, билим берүү, спорт, миграция, туризм, жаштар жана саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Н. Исанов айылдык кеңештин төрагасы |
Н. Асанов |