Загрузка документа…
Н. ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 29-декабры №13-3
(Н.Исанов атындагы айылдык округунун аймагындагы жайгашкан айылдардагы жапайы жаныбарларды жана балыктарды жыл өткөн сайын азайып бараткандыгына байланыштуу аларды коргоп көбөйтүү максатында элге тушүндүрүү иштерин жүргүзүү жөнүндө Н.Исанов атындагы айылдык кеңешинин депутаттары төмөнкүдөй)
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Н.Исанов атындагы айылдык округунун аймагындагы жайгашкан айылдардагы жапайы жаныбарларды жана балыктарды жыл өткөн сайын азайып бараткандыгына байланыштуу аларды коргоп көбөйтүү максатында элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагы айыл башчыларга милдеттендирилсин.
2. Жапайы жаныбарларга жана балыктарга уруксатсыз аңчылыкка чыккан мергендерге 1 жолу эскертүү, кийинки жолу кайталана турган бoлсо тийиштүү органдарга өткөрүлүп берилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөп, иш алып баруу жагы айылдык Кеңештин депутаты Сыдыков Маматалига тапшырылсын.
Н. Исанов айылдык кеңештин төрагасы |
Н. Асанов |