Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 23-ноябры № 25-4
Арбын айылынын тургундары Адигинаева Бүажар жана Жусупова Алмагүлдүн арыздары тууралуу
Арбын айылынын депутаты К.Адиевдин Арбын айылынын тургундары Адигинаева Бүажар жана Жусупова Алмагүлдүн жер титирөөдөн жана көп жааган жамгырдан жабыр тартып, үйлөрү жашоого мүмкүн болбой калгандыгы тууралуу арыздары менен депутаттарды тааныштырып айткан сунушун угуп жана талкуулап Кеңеш айылдык округунун айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Арбын айылынын тургундары Адигинаева Бүажар жана Жусупова Алмагүлдүн жер титирөөдөн жана көп жааган жамгырдан жабыр тартып, үйлөрү жашоого мүмкүн болбой калгандыктан, башка үй салып чыгуу үчүн, мамлекет тарабынан берилүүчү ссуда акчага муктаж экендиги белгиленсин.
2. Айыл өкмөтүнө тиешелүү болгон иш-кагаздарын бүтүрүп берүү жагы айыл өкмөтүндөгү тиешелүү адистерге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Кудайбердиевке тапшырылсын.
Кеӊеш айылдык кеӊешинин төрагасы |
К. Кадырова |