Загрузка документа…
Т.ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 18-январы №30-1
Мамлекеттик салык кызматынын түштүк аймактык башкармалыгынын 9-январь 2012-жылдагы № 07-01-06/4 сандагы катынын негизинде Т.Зулпуев атындагы айьшдык округунун аймагында айыл чарба багытындагы, айыл чарба багытында эмес, тамарка жана 1,2,3-топтогу мүлк жер салыгын киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын салык Кодексинин ишке киргизүү жөнүндөгү Мыйзамынын 3-беренесинин талаптарына ылайык жана мамлекеттик салык кызматынын түштүк аймактык башкармалыгынын 9-январь 2012-жылдагы № 07-06/4 сандагы катынын негизинде Т.Зулпуев атындагы айылдык округунун аймагында (айыл чарба багытындагы, айыл чарба багытындагы эмес, тамарка жана 1,2,3- топтогу мүлк) жер, мүлк салыгын киргизүү жөнүндөгү маселесин карап талкуулап,Т Зулпуев атындагы айылдык Кеңеши
ТОКТОМКЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын салык Кодексинин ишке киргизүү жөнүндөгү Мыйзамынын 3 беренесине ылайык Т.Зулпуев атындагы айылдык округунун аймагына (айыл чарба багытындагы, айыл чарба багытындагы эмес, тамарка жана 1,2,3- топтогу мүлк) жер жана мүлк салыгы киргизилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айьшдык округунун киреше бөлүмүнүн башчысы С.Матраимовго жүктөлсүн.
Т. Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин төрагасы |
Э. Султанов |