Загрузка документа…
Т.ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 18-апрели №31-2
Т.Зулпуев атындагы айылдык округунун 2011-жылдын бюджетинин аткарылышы жана 2012-жылга айылдын бюджетин бекитүү жөнүндө
Т.Зулпуев атындагы айылдык округунун 2011-жылдын бюджетинин аткарылышы жөнүндө «Кыргыз Республикасынын 2012-жылы Республикалык бюджети жөнүндөгү» мыйзамдын негизинде бюджетин долбоору иштелип, тийиштүү мектеп директорлору, маданият кызматкерлери, мекеме уюмдун башчылары, айыл башчылары, аппарат кызматкерлери жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясында карап талкуулап, сунуштарды жана өзгөртүүлөрдү эске алуу менен бирге Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айылдык округунун жергиликтүү башкаруу органдарынын финансылык - экономиканын негиздерин чындоо үчүн 2011-жьшга кирешелерди трансфареттер менен кошо эсептелгенде 38902,8 миң сомго, чыгашаларды кеоген гранттарды кошо эсептегенде 37939,5 сомго аткарылгандыгы белгиленсин.
2. 2012-жылга карата Т.Зулпуев атындагы айылдык округунун кызматкерлеринин 32 штат бирдиги алардын ичинде 5 (беш ) айыл башчы, 3(үч) ВУС штат бирдиктерин кошо эсептегенде эмгек акыларынын суммасы 1907,8 миң сом, соц.фондго чегерүү 329,1 миң сомго бекитилсин.
3. Айылдык округунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын финансы жана экономикалык негиздерин чыңдоо үчүн 2012-жылга өздүк кирешелер 4528,1 миң сомго максатуу жана толуктоочу гранттарды кошо эсептегенде 44750,9 миң сомго, чыгашалар да, гранттарды кошо эсептегенде 44750,9 миң сомго бекитилсин.
4. Т.Зулпуев атындагы айылдык округу 2013-жылдагы жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү 44755,8 миң сомго, чыгаша бөлүгү 44755,8 миң сомго бекитилсин.
5. Т.Зулпуев атындагы айылдык округу 2014- жылдагы жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү 44760,9 миң сомго , чыгаша бөлүгү 44760,9 миң сомго бекитилсин.
6. 2012-жылга бекитилген план боюнча 920 миң сом транспорт салыгы , айыл чарба эмес багытындагы жер салыгы 356 миң сом план берилген. Айыл округунун киреше бөлүмүнүн расчеттору боюнча транспорт салыгы 720 миң сом, айыл чарба эмес багытындагы жер салыгы 256 миң сомду түздү. (тизмелер тиркелет)
Ушул маселени карап берүү жагы райондук финансы бөлүмүнөн суралсын.
7. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын айылдык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Т. Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин төрагасы |
Э. Султанов |