Загрузка документа…
БҮЛӨЛҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 14-апрели №11/8
№38 Ж Исаева атындагы орто мектебинин актылык залынын курулушуна жергиликтүү бюджеттин эсебинен акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
№38 Ж Исаева атындагы орто мектебинин директору Б Адилованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Бүлөлү айылдык кеңешинин ( 5 чакырылышынын) кезектеги 11 заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. №38 Ж Исаева атындагы орто мектебине кошумча актылык зал куруу учун капиталдык салымдын эсебинен 210,0 (эки жүз он мин) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Жогоруда көрсөтүлгөн акча каражатын бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн финансы бөлүмүнүн башчысы Б Боокеевге милдеттендирилсин.
3. Бөлүнүп берилген акча каражатын мыйзам чегинде пайдалануу жагын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтөнүн башчысы Т. Абдраевге жана айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Бүлөлү айылдык кеңешинин төрагасы |
Р. Сарыбаеыв |