Загрузка документа…
ШАРК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 1-марты № 1
Шарк айылдык кеңешинин кабыл алган токтомдорун мамлекеттик тилде жүргүзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 22-февралындагы «Кыргыз Республикасынын ченемдүү укуктук актылары жөнундө мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилип, 2013-жылдын 1- мартында мыйзам кучуно киргендигин , ” “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө ” мыйзамын 26-беренесиндеги өзгөртүүлөргө ылайык тиешелүү администрациялык – аймактык бирдиктин аймагында мамлекеттик тилди билген адамдардын көпчүлүгү жашаган шарттарда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын тиешелүү чечим болгондо, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүтүү органынын ченемдик укутук актысын мамлекеттик тилде кабыл алынышына жол берилет» деп көрсөтүлгөндүгүнө негиз , жогорудагы маселени угуп жана талкуулап Шаркайылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Шарк айылдык аймагында жашаган калктын баары мамлекеттик тилде эркин суйлөө , эркин өз пикирлерин билдирүүсү жана толук түшүно билгендигине байланыштуу ,айылдык кеңештин сессияларыгда кабыл алынган ченемдик укуктук актыларын мамлекеттик тилде гана кабыл аллуга жана мамлекеттик тилде маалымат каражаттарында жарыялоого жол берилсин.
2.Шарк айылдык кеңешинин сессияларында кабыл алынган ченемдик укутук актыларын мамлекеттик тилде гана кабыл аллуга жол берилгендигине байланыштуу кабыл алыншган токтомторду расмий тилге которбой, Ош облусунун жана Ош шаардык юстиция башкармалыгына мамлекеттик реестирине киргизүүгө жөнөтулсүн.
3.Ушул токтомду аткарылышын көзөмөлдөө жагы Шарк айылдык кеңешинин «Билим берүү, саламатыкты сактоо, жергиликтүү өзун-өзүн башкаруу жана муниципалдык кызматты көзөмөлдөө, диништери боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Салиев
|