Загрузка документа…
КӨЛДҮК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
токтом
2013-жылдын 31-марты №7
Көлдүк айыл кеңешинин ченемдик актыларын мамлекеттик тилде жүргүзүү жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» мыйзам 2013-жылдын 22-февралында өзгөртүү киргизилип 2013-жылдын 1-мартынан баштап күчүнө киргендигине байланыштуу Көлдүк айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Колдук айылдык Кеңешинин аймагында жашаган калктын дээрлик 100% кыргыз улуту болгондуктан Кеңештин сессиясында ченемдик актыларынын долбоору мамлекеттик тилде гана каралсын жана жүргүзүлсүн.
2.Токтомдун аткарылышын Көлдүк айылдык Кеңешинин жоопту катчысы И. Акматкуловго жүктөлсүн.
Төрага | С. Молдалиев |