Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баткен шаардык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XV сессиясы
2015-жылдын 14-июлу №2-3/65
Ата-Мекен» саясий-социалдык партиясынан Баткен шаардык Кеңешинин депутаты Касымалиева Н.Т арызын кароо жана «Ата-Мекен» фракциясынын катарын толуктоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнундө» Мыйзамынын 52-беренесинин 2-пунктунун 1-пункутчасына ылайык «Ата-Мекен» саясий-социалдык партиясынын Баткен райондук жана шаардык бөлүмүнүн, «Ата-Мекен» саясий-социалдык партиясынан Баткен шаардык Кеңешине депутат Касымалиева Назгул Талантбековнанын депутаттык мандатын токтотуу жонүндөгү чечимине макулдук берүү максатында Баткен шаардык Кеңешинин V чакырылышынын XV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.«Ата-Мекен» саясий-социалдык партиясынан Баткен шаардык Кеңешине депутат Касымалиева Назгул Талантбековнанын укугу Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнундө» Мыйзамынын 52-беренесинин 2-пунктунун 1-пунктучасына ылайык токтотулсун.
2.Баткен шаардык Кеңешинин депутаттарынын катары «Ата-Мекен» саясий-социалдык партиясынан кезекте турган Раимкулов Аширбай Омурзакович менен толуктоону бекитип берүү жагы Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынан суралсын.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Баткен шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басары М.Орозбаевге тапшырылсын.
Төрага | Э. Рахматов |