Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баткен шаардык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XV сессиясы
2015-жылдын 14-июлу № 2–3/66
«Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынан Баткен шаардык кеңешинин депутаты Рахманбердиев Ж. ыйгарым укугун токтотуу жана «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын» катарын толуктоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары» жөнүндө №101 Мыйзамынын 4-главасынын 24-беренесинин 6-пунктуна ылайык Рахманбердиев Жоробайдын өлгөндүгү тууралуу 2015-жылдын 10-июнундагы №0686820 күбөлүгүнүн жана «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын Баткен шаардык аткаруу бөлүмүнүн 2015-жылдын 25-июнундагы чечиминин негизинде Баткен шаардык Кеңешинин V чакырылышынын XV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынан Баткен шаардык кеңешинин депутаты Рахманбердиев Жоробайдын ыйгарым укугу, 2015-жылдын 10-июнундагы өлгөндүгү тууралуу №0686820 күбөлүгүнүн, КР «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары» жөнүндө №101 Мыйзамынын 4-главасынын 24-беренесинин 6-пунктуна ылайык токтотулсун.
2. Баткен шаардык кеңешинин депутаттарынын катары «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынан кезекте турган Толомушов Турсунали Пирмамытович менен толуктоону бекитип берүү жагы Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынан суралсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Баткен шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары М.Орозбаевге тапшырылсын.
Төрага: | Э. Рахматов |