Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
БАТКЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТЕГИ XV СЕСИЯСЫ
2015-жылдын 14-июлу №2-3/68
«ЭлКат» Жоопкерчилиги чектелген коому Ош-Баткен багытына байланыш линиясын Баткен шаарынан алып өтүү жөнүндөгү маалыматын кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары» жөнүндөгү 2011-жылдын 15-июлундагы №101 Мыйзамынын 31-беренесинин 5-пункутуна жана Баткен шаардык Кенешинин курулуш куруу, коммуникация транспорт маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 30-июнундагы заседаниесинин протоколунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.«ЭлКат» Жоопкерчилиги чектелген коому Ош-Баткен багытына байланыш линиясын Баткен шаарынан алып өтүү жөнүндөгү маалыматы кабыл алынсын.
2.Баткен шаарынын аймагынан өткөн байланыш линиясы үчүн «ЭлКат» Жоопкерчилиги чектелген коому менен ижаралык ыкмага келишим түзүү жагы шаар мэриясына тапшырылсын.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Баткен шаардык кеңешинин төрагасынын орунбасары М.Орозбаевге тапшырылсын.
Төрага: | Э. Рахматов |