Редакцияот 14.07.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Баткен шаардык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XV сессиясы

2015-жылдын 31-июлу № 2-3/69

Баткен шаарынын ичинде жүрүүчү маршуруттук каттамдардын жол кире акысын көтөрүүгө макулдук берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын «Автомобил транспорту жонундо» 2013-жылдын 19-июлдагы №154 Мыйзамынын 2 -главасынын 11-статьясынын 2-пункутуна жана Баткен шаардык Кенешинин курулуш куруу, коммуникация жана транспорт маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2015-жылдын 30-июндагы заседаниесинин протоколунун негизинде Баткен шаардык Кенешинин V чакырылышынын кезектеги XV сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Баткен шаар ичинде журуучу маршуруттук каттамдардын жол акысы 10 (он)  сом олчомундо белгиленууго макулдук берилсин.

-7 жашка чейинки балдар  маршуруттук каттамдарда акысыз журушу «Баткен» акционердик коомуна  эскертилсин.

2.Шаардын  маршуруттук каттамынын акыркы аялдамасы (тундук жактагы) «Паран» массивине жылдыруу жагы шаар мэриясына /Ж.Жалалов/ тапшырылсын.

3.Баткен шаар калкына  шаардык «Орукзар» коомдук саясый газетасы аркылуу жеткирилсин.

4.Ушул токтомдун аткарылышын козомолдоо жагын Баткен шаардык курулуш куруу, коммуникация жана транспорт маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага:

 Э. Рахматов