Загрузка документа…
КАЙЫҢДЫ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 25-январы № 107/XXX-4
Кайыңды шаарынын мэриясынын бюджетинин 2015–жылында атайын эсептин калган бош калдыктарын пайдалануу жөнүндө
Кайыңды шаарынын мэриясынын каржылоо жана экономика бөлүмүнүн башкы эсепчисинин “Кайыңды шаарынын мэриясынын 2015–жылындагы бюджетинин аткарылышы боюнча маалыматын угуп, ошондой эле 2015–жылында бюджеттин кирешесине пландан тышкары каржы каражаттардын түшүүсүн эске алуу менен Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кайыңды шаарынын мэриясынын 2015 – жылынын бюджетинин бош калдыктарын төмөнкү иш чараларга пайдаланганга уруксат берилсин.
а) Мамлекеттик тейлөө бөлүгү–149 миң сом – 2215 статьясына (башка кызматтарды алуу) кеңсе жана чарба буюмдары
б) Бала бакча бөлүгү–46 миң сом 2215 статьясына (башка кызматтарды алуу) чарба буюмдары.
2. Бул токтомдун аткарылышынын көзөмөлү Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | У.Б. Абдрасулов |