Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баткен шаардык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XVII сессиясы
2015-жылдын 17-ноябыры11№2-3/80
«Баткен шаарынын тазалыгын камсыз кылууда шаар мэриясынын жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө»
Баткен шаарынын аймагында тазалыкты камсыз кылуу багытында Баткен шаарынын мэриясы тарабынан бир катар иш-аракеттер жүргүзүлгон.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2015-жылдын 16-февралындагы “Баткен областынын аймагында айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана санитардык жактан тазалоонун үч айлыгын өткөрүү” жөнүндөгү №13-8/33 буйругун аткаруу максатында Баткен шаарынын мэриясынын 2015-жылдын 24-февралында “Баткен шаарынын аймагында айлана- чөйрөнү тазалоо, жашылдандыруу, көрктөндүрүү иштеринин үч айлыгын өткөрүү жөнүндөгү” №03-25/31 буйругу, иш-чарасы жана уюштуруу тобу түзүлгөн. Аталган буйруктун негизинде 33 кишиден турган штабдын курамы түзүлүп иш-чаралары бекитилип 2014-жылга салыштырмалуу жогорку денгеелде аткарылган.
Баткен шаарынын мэриясы тарабынан кабыл алынган буйрук жана иш-чара Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен областындагы өкүлчүлүгүнө, шаарда жайгашкан облустук, райондук жана шаардык мекеме-ишканаларга, бардык аймактык башкармалыктарга жеткирилген.
Үч айлыктын жарыялангандыгы жөнүндө Баткен областтык телерадио кампаниясынан, жергиликтүү “Салам” радиосунан жана “Өрүкзар” газетасынан калың элдин катмарына жарыялар, кайрылуулар берилип уктурулуп турууга жетишилген.
Көрктөндүрүүнүн үч айлыгынын алкагында аптанын ишемби күндөрү ишембиликтер жарыяланып, шаардын аймагындагы бардык мекеме-ишканалар жана уюмдар(менчигинин түрүнө карабай) катышты.
Ишембиликтин натыйжасында “Токтогул олуя” сыйынуучу жайы, “Манас” паркы, комплекси, борбордук стадион, Жеңиш паркы, “Жеңиш” эстелигинин айланасы, шаарыбыздын борбордук көчөлөрү тазаланып, иретке келтирилип, акталып, сырдалган.
Шаардын борбордук көчөлөрүнө жана айланма жолдордогу тосмо ичтерине И.Раззаков атындагы көчөдөгү бардюрлар арасына бир жылдык гүл көчөттөрүн отургузулду жана ал үчүн жергиликтүү бюджеттен 280 мин сом акча каражаты бөлүнүп, жеке ишкер Э.Эркебаев менен келишим түзүлүп иш алып барылды.
Ошондой эле социалдык-маданий обьектилердин, мекеме ишканалардын, жеке-менчик соода түйүндөрүнүн имараттары, менчик үйлөрдүн дубалдарын актоо-сырдоо иштери жүргүзүлдү. Ар бир аймактык башкармалыктарга жергиликтүү бюджеттин эсебинен ар түрдүү мөмөлүү
1500 даана дарактардын көчөттөрү жана анын ичинен ийне жалбырактуу 450 даана көчөттөр отургузулган. Аткарылган иштердин болжолдуу наркы 4 309 600 миң сомду түзгон.
“Ак ниет башкаруу “ долбоорунун алкагында көчөлөргө урналар жасалып, М. Нургазиев көчөсунө 20 даана , “Билайн” компаниясы тарабынан 11 даана урналар жасалып Т. Садыков көчөсүнө орнотулган.
Шаардык жаштардын кечки эс алуусуна ыңгайлуу шарт түзүү, шаардагы жумушка жарамдуу жумушсуздарды убактылуу иш менен камсыз кылуу, сынган плафондордун ордуна жаңы плафон сатып алып коюу менен шаардын кечки көркүнө көрк кошуу, элдердин коопсуздугу үчүн жер астынан туташтырылган электр зымдарын жаныдан алмаштыруу, Баткен шаарынын инфраструктурасын жакшыртуу максатында, областтык жаштар, эмгек, ишке орноштуруу башкармалыгы тарабынан 100 миң сом, жергиликтүү бюджеттен 96 миң 921 сом, жалпы суммасы 196 миң 921 сом акча каражаты каралып, Баткен шаарынын борборунда жайгашкан фантандын жана ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн имаратынын, жаштар эс алуучу сейил паркынын айланасына түнкү жарыктандыруу орнотулган.
Ал эми калк арасында шаардын тазалыгы багытында түшүндүрүү, маалымат иштери алып барылып анын ичинде,шаардын мектеп окуучуларынын катышуусу менен шаардын борбордук көчөлөрүн иретке келтирүү максатында “Биз таза жана көрктүү шаар үчүн!”-деген девиздин астында 3 жолу акциялар өткөрүлгон.
Шаар ичиндеги тазалыкты камсыз кылуу милдети жүктөлгөн ААК “Коммуналдык чарба” ишканасы 2015-жылдын 30-июнунда өз ишмердүүлүгүн токтоткон.
2015-жылдын 1-июлунан баштап “Баткен тазалык” муниципалдык ишканасы уюшулуп, техникаларынын ондоп-түзөөдөн өткөрүу менен техникалар оңдолгончо менчик унаалар менен шаардын таштандыларын ташып атайын жайларга чыгарып турган.
Шаар борборундагы көп кабаттуу үйлөрүнүн жанындагы, К.Турмаматов көчөсүндөгү сайдын боорундагы, Кызыл-Жол аймактык башкармалыгындагы чоң таштандылар бүгүнкү күнгө таштандылардан арылып тазаланылган. 2016-жылда шаардын тазалыгын камсыз кылууда Жогорудагылардын негизинде Баткен шаардык Кенешинин V чакырылышынын кезектеги XVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1.Баткен шаарынын тазалыгын камсыз кылууда шаар мэриясынын 2015-жылдын 9 ай ичинде жургузгон иштери конулго алынсын.
2.Баткен шаарында жайгашкан областтык, райондук, шаардык мекеме ишканалар, мамлекеттик эмес уюмдар жана менчигинин туруно карабастан бардык юридикалык мекемелер менен таштандыларды алып чыгуу учун келишим тузуу менен киреше булагын толтуруу жагы “Баткен Тазалык” муниципалдык чарбалык ишканасына /А.Сулаймановго/ милдеттендирилсин.
3.Шаар четиндеги таштандылар учун атайын жайдын мамлекеттик актысын 2016-жылыдн 1-жарым жылыгына чейин алуу жагы шаар мэриясына /Ж.Жалалов/ тапшырылсын.
4.Шаар калкы осуп жаткандыгына байланыштуу жаны конуштан алыс, жобого ылайык таштандыларды таштоочу жай болуу жагы шаар мэриясына /Ж.Жалалов/ тапшырылсын.
5.Ушул токтомдун аткарылышын козомолдоо жагын Баткен шаардык Кенешинин торагасынын орун басары М.Орозбаевге тапшырылсын.
Төрага: | Э. Рахматов |