Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баткен шаардык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XVII сессиясы
20015-жылдын 11-ноябыры №2-3/81
Баткен шаарынын мектептеринин 2015-2016-окуу жылынын кышка карата даярдыгы боюнча шаар мэриясынын жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Билим берүү мекемелерин 2015-2016-жылдын күз-кыш мезгилине даярдоо максатында жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-майындагы «Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарын жана калкын 2015-2016-жылдын күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө» № 319 токтомун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2015-жылдын 29-июнундагы «Баткен экономикасынын тармактарын жана калкын келе жаткан 2015-2016-жылдын күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча облустук штабдын курамы жана иш чарасын бекитүү жөнүндөгү» № 13-7/25 токтомун жана Баткен шаарынын мэриясынын 2015-жылдын 8-июлундагы №03-24/200 токтомдорун аткаруу максатында Баткен шаардык билим берүү бөлүмүнүн 2015-жылдын 13-июлунда №01-19/53 буйругу чыгарылган. Күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча штабдын курамы түзүлгөн.
1. Баткен шаарынын аймагында 6 орто мектеп, 2 башталгыч мектеп, 3 мамлекеттик мектепке чейинки билим берүүчү мекемелери өз ишмердүүлүктөрүн жүргүзүп келишет. Бул билим берүү мекемелеринде 2015-2016- окуу жылында 4844 окуучу билим алып, 3 мектепке чейинки мекемелеринде 977 бала тарбияланып, аларга 310 педагог, 34 тарбиячы билим тарбия берип келишет.
2. 2015-2016- окуу жылына карата мектептерди жаны окуу жылына сапаттуу даярдоодо 8 мектепте ондоо түзөө иштери жүргүзүлүп, аларга республикалык бюджеттен 337200 сом, ал эми жергиликтүү бюджеттен 140000 сом акча каражаттары бөлүнүп берилген.
1. В.И.Ленин орто мектеби |
| -электр энергиясы менен, | ||
2. Ж.Бөкөнбаев орто мектеби |
| -электр энергиясы менен, | ||
3. С.Огато орто мектеби |
| -комур м-н (катель) | ||
4. Кызыл Жол орто мектеби |
| -электр энергиясы менен, | ||
5. Кызыл Жол башт. мектеби |
| -комур менен, (буржуйка) | ||
6. С.Айтматов орто мектеби |
| -электр энергиясы менен, | ||
7. Булак Башы башт. мектеби |
| -электр энергиясы менен, | ||
8. Келечек кв. №3 орто мектеби |
| -комур м-н (катель) | ||
9.Өрүкзар балдар бакчасы | -электр энергиясы менен, | |||
10. Алтын-Бешик балдар бакчасы | - электр энергиясы менен жылытылат. | |||
Аталган мектептерге кышкы мезгилге 141 тонна көмүр керектелет.
|
|
| ||
№ | мектептин аталышы | Канча тонна керектелет |
1. | А,Имаров а.о.м. | 92,5тонна. |
2. | Кызыл- жол о.м. | 18 тонна |
3. | С.Огата а.о.м. | 18тонна |
4. | Кызыл-жол .б.м. | 12,5 тонна |
| Бардыгы: | 141 тонна |
2014-2015-жылдан калган көмүрдүн калдыгы
4,700 тонна. Быйылкы жылга жеке ишкер Абдуразаков Шавкат менен БСШ көмүрүн 1 кг баасы 2,50 дан 92 тонна жана БК көмүрүнүн 1 кг 4,50 дан 46 тоннага келишим түзүлдү. Бүгүнкү күндө А.Имаров-Кызыл Топу атындагы орто мектебине 40,5 тонна, Кызыл-Жол орто мектебине 10 тонна 150 кг, С.Огата атындагы орто мектебине 10 тонна 150 кг көмүр ташылып, жалпы 192600 сомдук 60,8 тонна алынып келинип, бүгүнкү күндө 4т 700кг калдык менен 65,500 т көмүр даярдалып жалпы керектөөнүн 47% тин түздү.
Билим берүү бөлүмүнүн от казандары бар мектептердин (Кызыл-Жол о.м, А.Имаров-Кызыл Топу, С.Огата а.о.м) от казандарын толук оңдоо-түзөө иштери жүргүзүлүп, кышка даяр болду. Шаардагы 8 мектеп жана 3 мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде электр энергиясын аз, башкача айтканда үнөмдүү сарптоочу лампочкалар толугу менен коюлган. Ошондой эле шаардагы бардык билим берүү мекемелеринде күз-кыш мезгилдеринде жылуулоо үчүн керек болуучу түссүз кленка, пахта, түссүз скотч жана башка буюм-тайымдар даярдалып, айнектерге жана башка тиешелүү жерлерди бүтөө иштери жүргүзүлүп бүттү.
Жылытуу системалары учун электр энергиясына болгон карыз жок. 2015-2016-окуу жылына жергиликтүү бюджеттен билим берүү мекемелеринин электр энергиясы үчүн 5 млн 200 мин сом каралган, бүгүнкү күнгө 2 млн 500 мин сом которулган . Электр энергиясы менен жылытуучу мектептерге 50 даана БН жылыткычтары алынып, В. И. Ленин атындагы орто мектепке 18, С. Айтматов атындагы орто мектепке 14, Ж. Бөкөнбаев атындагы орто мектепке 14 даана коюлуп берилди.
А.Имаров-Кызыл Топу атындагы мектеп бөлмөлөрү суу менен котельный аркылуу жылытылат. Мектептин ар бир кабатына ОП-5 маркасындагы 5 даана өрт өчүргүч орнотулган. Өрт өчүргүч калканчасы мектептин күн батыш тарабына орнотулган, толугу менен талапка жооп берет.Эвакуация планы ар бир кабатка илинген, өрткө каршы цигнализация коюлган.
Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектеби электр тогу менен жылытылат. Мектептин бардык кабаттарында өрт калканчалары, 6 даана өрт өчүргүч бар.
Эвакуация планы ар бир кабатка илинген, өрткө каршы цигнализация коюлган.
В.И.Ленин атындагы орто мектеби электр тогу менен жылытылат. Мектептин бардык кабаттарында өрт калканчалары, 7 даана өрт өчүргүч бар.
Кызыл-Жол атындагы орто мектеби электр тогу менен жылытылат. Мектептин бардык кабаттарында өрт калканчалары, өрт өчүргүчтөр бар. Эвакуация планы ар бир кабатка илинген. Башка мектептерде да өрткө каршы эрежелери сакталган. Өрт өчүрүүчү шиттер толукталган, суу сактоочу кампалар даярдалган.
Мындан сырткары №57-Кесиптик Техникалык Лицейи 2015-2016-жылдын күз-кыш мезгилине карата 34.2 тонна көмүр керектелет. Ал үчүн республикалык бюджеттен 274.0 миң сом каралган. Көмүр менен камсыз кылуу боюнча №57 Лицейи жана жеке ишкер У. Алимбаев ортосунда 2015-жылдын 6-июлунда эки тараптуу келишим түзүлгөн. Учурда көмүр ташуу иштери кызуу жүрүп жатат. Ташылганы 25 тонна башкача айтканда 71,4 пайызды түзөт.
2015-2016-окуу жылы учун кышка карата даярдыкты коруудо шаар мэриясы такай иш жургузуу менен күндө билим берүү мекемелери жылытуу системалары толугу менен кышка даярдыгы жонундогу туруктуу комиссиянын докладын угуп коруп Баткен шаардык Кенешинин V чакырылышынын кезектеги XVII сессиясы Токтом кылат:
1.Баткен шаарынын аймагындагы мектептердин 2015-2016-окуу жылынын куз-кыш мезгилине карата Баткен шаар мэриясынын жургузгон иштери конулго алынсын.
2.Шаардык мектептердин куз-кыш мезгилдери учун корулгон камылгаларды (эл.энергия, комур) уномдуу жана сарамжалдуу пайдалануусу эскертилсин.
3.Шаардык жергиликтуу бюджеттин эсебинен шаардык билим беруу мекемелери учун 1-электрик штат бирдигин кармоо сунушун киргизуу жагы шаар мэриясына тапшырылсын.
4.Ушул токтомдун аткарылышын козомолдоо жагын Баткен шаардык Кенешинин торагасынын орун басары М.Орозбаевге тапшырылсын.
Төрага: | Э. Рахматов |